Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 22

Кыска мөнөттүү тайпа ачуу жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айлындагы “Арзуу” МЧББУнун жетекчиси Ч.Абдыкеримованын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  “Арзуу” мектепке чейинки билим берүү уюмунун жетекчиси Ч.Абдыкеримованын кайрылуусу эске алынсын.

2.  Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Коргон-Сай айылындагы китеп кананын бош бөлмөсүнө “Арзуу” мектепке чейинки билим берүү уюмуна “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун негизинде, уч сааттык мөөнөттүү тайпалар ачылсын.

3.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн миниципалдык менчигиндеги имаратка ачылган үч сааттык кыска мөөнөттүү тайпаларда эмгектенген тиешелүү кызматкерлердин эмгек акыларын бюджетке киргизүү жагы Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнө жүктөлсүн жана “Келечек үчүн билим берүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн тиешелүү иш кагаздарын көзөмөлдөө жагы “Арзуу” МЧББУнун жетекчисине милдеттендирилсин.

4.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

5.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

6.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев