КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы
2021-жылдын 9-апрели № 24
Долбоор сунуштоо жөнүндө
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 08.04.2021-жылдагы №01-18/280 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXХII сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Кайың-Суу участкасындагы курулуп жаткан спорт залга даярдалган долбоор сметасынын негизинде керектелүүчү 721 200 (жети жүз жыйырма бир миң эки жүз) сом акча каражаты Чаткал өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик Администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилип, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Бегалиев |