Редакцияот 09.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXXII -сессиясы

2021-жылдын 9-апрели № 40

Материалдык чыгымдарды төлөп берүү жөнүндө

Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз ХXXII сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айылынын тургуну С.Нуркуловдун там арка огород жайынан жол өткөрүүгө, огоротунда өсүп турган кээ бир тал теректерин кыркууга туура келгендиктен келтирилген материалдык чыгымдарын тактап, мыйзам чегинде чечип берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Бегалиев