Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги II -сессиясы

2021-жылдын 18-июну № 1

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү жөнүндө

Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламентин бекитүү боюнча, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы М.Аликеевдин сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы,

Токтом кылат:

1.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламенти Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин 25.11.2013-жылдагы № 01-24/65 “Айылдык Кеңештин типтүү регламентин бекитүү туралуу” буйругуна ылайык бекитилсин.

2.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкулчүлүктүү органынын ишмердигин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларына жана ушул Типтүү регламентке ылайык жүргүзүлсүн.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Каныш-Кыя айылдык Кенештин төрагасы М.Аликеевге тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев