КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 2
“Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасы кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги “Каныш-Кыя Тазалык” муниципалдык ишканасынын 07.06.2021-жылдагы № 14 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. “Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын башчысы М.Чоңатаевдин кайрылуусу жана бюджет комитетинин төрагасы Р.Субаналиевдин сунушу эске алынсын.
2. ”Каныш-Кыя Тазалык”муниципалдык ишканасынын 2021-жылга карата түзүлгөн келишимдерге керектелүүчү күйүүчү майы түгөнгөндүктөн 2021- жылдын декабрына чейинки мөөнөткө АИ-92 үлгүсүндөгү 3800 литр күйүүчү майды кошумча сатып алуу үчүн 228 000 (эки жүз жыйырма сегиз миң) сом акча каражаты кошумча түшкөн акча каражатынын эсебинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы экономика бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы финансы, экономика жана бюджет комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |