КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 5
“Ай-Көл”а/ч кооперативинин төрагасынын кайрылууларын кароо жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Мырзалиев Токторумбет Акылбековичтин 04.05.2021-ж, 20.05.2021-ж, 01.06.2021-жылдагы кайрылууларын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айылынын тургуну Мырзалиев Токторумбет Акылбековичтин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык программасы бекитилип калгандыгына байланыштуу, Чаткал райондук өнүктүрүү фондуна кайрылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |