КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 6
Н.Кулбаеванын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылынын тургуну Кулбаева Надиранын арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. Чакмак-Суу айылынын тургуну Кулбаева Надиранын арызы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылынын тургуну Кулбаева Надиранын турмуш шартын жеринен аныктап, тактап көрүп келүү жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |