Редакцияот 18.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы

2021-жылдын 18-июну № 7

Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурбаевдин кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурбаевдин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Чаткал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Ж.Нурбаевдин кайрылуусу эске алынсын.

2.  Чаткал райондук Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн дискотека залына спорт оюндарын уюштуруу үчүн керектүү болгон спорт эмеректерин (бильярд, теннис) сатып алууга уруксат берилбесин жана жанында БӨСМби бар экени белгиленсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев