КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 12
Айыл башчылардын кайрылуусун кароо жөнүндө
Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылынын айыл башчыларынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя жана Айгыр-Жал айылынын айыл башчыларынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылынын тургундары Нышанов Таалайбек Акматбековичтин, Осмонбеков Абдурашит Өскөнбаевичтин жана Айгыр-Жал айылынын тургуну Эркин уулу Жумабектин турмуш шартын жеринен барып тактап келүүгө депутаттык комиссия түзүлсүн.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы финансы, бюджет жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |