КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 13
“Токон Ордо” ЖЧКасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кун тартибинин ар кандай маселесиндеги “Токон Ордо” ЖЧКасынын 16.06.2021-жылдагы № 02 чыгыш сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. “Токон Ордо” ЖЧКасынын директору Токонов Мелисбектин кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айылындагы Ч.Айтматов атындагы маданият үйүнүн айланасын короолодо “Токон Ордо” ЖЧКасынын жасап жаткан ишине керектүү болгон курулуш материалдарынын азыркы күндөгү базар баасын эске алуу менен жеринен барып тактоо жана аныктоо жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |