КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 14
“Дан-Элстрой” ЖЧКасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кун тартибинин үчүнчү маселесиндеги Каныш-Кыя айыл аймагындагы Кайың-Суу участкасында курулуп жаткан 150 орунду мектепке курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Дан-Элстрой” ЖЧКасынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. “Дан-Элстрой” ЖЧКасынын кайрылуусу эске алынсын.
2. Кайың-Суу участькасына курулуп жаткан мектептин долбоор-сметасына киргизилбей калган кемчиликтерди жеринен барып аныктап, тактап келүү жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |