КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги III -сессиясы
2021-жылдын 18-июну № 16
Кошумча жумуштарга каражат бөлүп берүү жөнүндө
Кун тартибинин үчүнчү маселесиндеги Жаңы-Базар Кировка авто унаа жолунун 135-140 жана 166-168 чакырымында төшөлүп жаткан асфальттын долбоор сметасына киргизилбей калган курулуш иштерин аткаруу үчүн Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 18.06.2021-жылдагы № 01-18/465 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Аталган асфальттын курулуш иштеринин долбоор сметасына киргизилбей калган кемчиликтерин жеринен аныктап, тактап келүү жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетинин кароосуна калтырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |