Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 1

Н.Кулбаеванын арызын кароо жөнүндө

Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылынын тургуну Кулбаева Надиранын арызын карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

Токтом кылат:

6.  Чакмак-Суу айылынын тургуну Кулбаева Надиранын жана соц комитеттин корутундусу арызы эске алынсын.

7.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Чакмак-Суу айылынын тургуну Кулбаева Надиранын турмуш шарты башкаларга салыштырмалуу жакшы болгодугуна байланыштуу жашап жаткан үйүнүн сыртын айыл элин уюштуруп ашар жолу менен бүтурүп берүү жагы Чакмак-Суу айылынын айыл башчысы И.Максымбековго милдеттендирилсин.

8.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

9.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

10.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев