КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 11
Жоробекова Парпыгүлдүн арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын тургуну Жоробекова Парпыгүлдүн арызын канаттандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Башкы-Терек айылынын тургуну Жоробекова Парпыгүлдүн арызы жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө караштуу Башкы-Терек айылынын тургуну Жоробекова Парпыгүлдүн жашап жаткан турак жайы кооптуу абалда болгондуктан, айыл элин уюштуруп ашар жолу менен бүтурүп берүү жагы Башкы-Терек айылынын айыл башчысы А.Молдалиевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |