КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы
2021-жылдын 2-июлу № 14
Кулиева Сайракандын арызын кароо жөнүндө
Күн тартибинин экинчи маселесиндеги Коргон-Сай айылынын тургуну Кулиева Сайракандын жардам сурап жазган арызын канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы
Токтом кылат:
1. Коргон-Сай айылынын тургуну Кулиева Сайракандын арызы эске алынсын.
2. Коргон-Сай айылынын тургуну Кулиева Сайракандын уулу Пулатбек уулу Арзымат башынан операция болуп, химиотерапия алууга муктаж болгондуктан жана өзүнүн акча каражаты жетишпегендиктен Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 50 000 (элүү миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |