Редакцияот 02,07,2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 17

Ишкерлердин кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын Т.Кошбаев көчөсүндө жайгашкан ишкерлердин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылынын Т.Кошбаев көчөсүндө жайгашкан ишкерлердин кайрылуусу эске алынсын.

2.  Т.Кошбаев көчөсүндө жайгашкан ишкерлер өздүк салым менен трансформатор сатып алышса, трансформаторду орнотуу үчүн РЭС ишканасы менен суйлөшүп жерин чечип берүү жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтунө милдеттендирилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев