Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 19

Алибаев Мамбеткулдун арызын кароо жөнүндө

Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибаев Мамбеткулдун арызын канаттандыруу максатында Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибаев Мамбеткулдун арызы жана Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн кайрылуусу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айылынын тургуну Алибаев Мамбеткулдун турмуш шарты оор болуп жашоого турак жайы жок болгондуктан, кийинки жылга айыл элин уюштуруп, ашар жолу менен бүтурүп берүү жагы Каныш-Кыя айылынын айыл башчысы А.Токобаевге милдеттендирилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев