Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 20

Кошумча жумуштарга каражат бөлүп берүү жөнүндө

 Күн тартибинин экинчи маселесиндеги “Компания Три ААА” ЖЧКнун, “Токон Ордо” ЖЧКнун жана “Иманалы-Барак” ЖЧКларынын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  “Компания Три ААА” ЖЧКнун, “Токон Ордо” ЖЧКнун жана “Иманалы-Барак” ЖЧКларынын кайрылуулары эске алынсын.

2.  “Компания Три ААА” ЖЧКнун, “Токон Ордо” ЖЧКнун жана “Иманалы-Барак” ЖЧКларынын жетекчилеринин кайрылууларында көрсөтүлгөндөй учурда курулуш материалдарынын баалары кескин түрдө өсүп кетип, кошумча акча каражатын сурагандыктан, жеринен тактап чечип берүү үчүн депутаттык комиссия түзүлсүн.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев