Редакцияот 02.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги IV -сессиясы

2021-жылдын 2-июлу № 22

Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына киргизилген конкурстук жарыяны көзөмөлдөө жөнүндө

Каныш-Кыя айыл Өкмөтү тарабынан Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына киргизилген конкурстук жарыяларга көзөмөл жүргүзүү максатында Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышындагы депутаттардын сунушу эске алынсын.

2.  Каныш-Кыя айыл Өкмөтү тарабынан Электрондук мамлекеттик сатып алуулар порталына берилүүчү конкурстук жарыяны көзөмөлгө алуу максатында түүзүлгөн комиссиянын курамына Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынан кошуу сунушталсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев