Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 1

Жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин маалыматы жөнүндө

Күн тартибинин биринчи маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин 02.08.2021-жалдагы №10 буйругуна ылайык, жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

Токтом кылат:

11.  Каныш-Кыя айыл аймагынын жер жана агрардык маселелер, айыл чарбасы, өнөр жайы жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комитетинин берген маалыматы эске алынсын.

12.  Кузгүү эгиндерди оруп жыйноодо жана көп жылдык тоют чөптөрүн таңгактоодо калкка кызмат көрсөткөн техникаларына GPS аппаратын орнотуп иш алып баруусу боюнча кароо жагы жайыт комитетинин төрагасына тапшырылсы .

13.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

14.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

15.  Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев