КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 6
Каныш-Кыя айыл аймагынын бюджетинин аткарылышын кароо жөнүндө
Күн тартибинин алтынчы маселесиндеги Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 6 ай ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматын угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл аймагынын 2021-жылдын 6 ай ичиндеги бюджетинин аткарылышы боюнча финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын берген маалыматы эске алынсын.
2. Каныш-Кыя айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү 2021-жылдын 6 айына жыл башынан 54 189 100 (элүү төрт миллион бир жүз сексен тогуз миң бир жүз) сомго план бекитилип берилсе, 2021-жылдын 6 айында план 67 291 000 (алтымыш жети миллион эки жүз токсон бир миң) сомго такталып, чыгаша бөлүгү 58 728 500 (элүү сегиз миллион жети жүз жыйырма сегиз миң беш жүз) сомго чыгышталып аткаруу жагы 86 557 100 (сексен алты миллион беш жүз элүү жети миң бир жүз) сомго кириштелгендиги белгиленсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |