КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 8
Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитети жөнүндө
Күн тартибинин сегизинчи маселесиндеги Каныш-Кыя айыл аймагынын жайыт комитетинин 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери боюнча берген маалыматына ылайык Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин 2021-жылдын 6 ай ичинде аткарган иштери канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
3. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |