Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 9

М.Исмаиловдун кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору М.Исмаиловдун 08.07.2021-жылдагы № 01-12/112 чыгыш сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Чаткал райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун директору М.Исмаиловдун кайрылуусу эске алынсын.

2.  Чаткал райондук жалпы дарыгерлик пракитикалык борборунда дарыланып жаткан бейтаптарга тамак-аш жасалуучу ашкананын ички бөлүгүн заманбап ремонттон өткөрүү үчүн, долбоор сметасында көрсөтүлгөн акча каражатын бөлүп берүүдө мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев