КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 21
Жумушка жайгаштыруу жөнүндө
Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Айгыр-Жал айылынын тургуну Орозалиева Гүлнардын жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманалиев Акназардын кайрылуусун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Айгыр-Жал айылынын тургуну Орозалиева Гүлнардын жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманалиев Акназардын кайрылуулары эске алынсын.
2. Айгыр-Жал айылынын тургуну Орозалиева Гүлнардын жана Каныш-Кыя айылынын тургуну Курманалиев Акназардын турмуш шарты оор болуп, эч жерде иштебегендигине байланыштуу фирмаларга жумуш таап жайгаштыруу жагы Каныш-Кыя айылынын айыл башчысы А.Токобаевге жана Айгыр-Жал айылынын айыл башчысы Рысбай уулу Кайнарбекке тапшырылсын.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары А.Ормошовга тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |