КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 22
Усупбекова Тунукайдын кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Башкы-Терек айылынын тургуну Усупбекова Тунукайдын жардам сурап жазган кайрылуусун канаттандыруу максатында карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
1. Башкы-Терек айылынын тургуну Усупбекова Тунукайдын кайрылуусу эске алынсын.
2. Башкы-Терек айылынын тургуну Усупбекова Тунукайдын уулу Асан уулу Мунарбекти окуутуга турмуш шарты оор болуп мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 29 500 (жыйырма тогуз миң беш жүз) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |