КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы
2021-жылдын 12-августу № 27
“Айчубак” балдар бакчасынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Күн тартибинин онунчу маселесиндеги “Айчубак” балдар бакчасынын директору М.Өнөрбаеванын кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы
Токтом кылат:
11. “Айчубак” балдар бакчасынын директору М.Өнөрбаеванын 11.08.2021-жылдагы №22 чыгыш сандуу кайрылуусу эске алынсын.
12. Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Башкы-Терек айылындагы“Айчубак” балдар бакчасынын айланасын королоого долбоор сметасында көрсөтүлгөн 299 850 (эки жүз токсон тогуз миң сегиз жүз элүү миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.
13. Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.
14. Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
15. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы: | М.Аликеев |