Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 28

“Ай-Көл”а/ч кооперативинин төрагасынын кайрылуусун кароо жөнүндө

Күн тартибинин ар кандай маселесиндеги Каныш-Кыя айылынын тургуну Мырзалиев Токторумбет Акылбековичтин кайрылуусун карап жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылынын тургуну “Ай-Көл”а/ч кооперативинин төрагасы Мырзалиев Токторумбет Акылбековичтин кайрылуусу эске алынсын.

2.  Жеке ишкерлерди колдоодо акча каражатын бөлүп берүү үчүн мыйзамдуулугун кароо менен иш алып баруу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы К.Смаиловга жана ФЭБ бөлүмүнүн башчысы К.Темирбековго тапшырылсын.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев