Редакцияот 12.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАНЫШ-КЫЯ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Каныш-Кыя айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги V -сессиясы

2021-жылдын 12-августу № 31

Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын ички жолдоруна шагал төшөө жөнүндө

Күн тартибинин онунчу маселесиндеги Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун угуп жана талкуулап Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги V сессиясы

 

 

Токтом кылат:

 

1.  Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу эске алынсын .

2.  Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасындагы 500 000 (беш жүз миң) сомго, Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушу менен 1000 000 (бир миллион) сом акча каражатын кошуп, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу айылдардын ички жолдоруна шагал төшөө үчүн жалпы 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом акча каражаты Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен бөлүнүп берилсин.

3.  Бул токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө”Мыйзамына ылайык Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын расмий www.chatkal.kg маалымат сайтына жарыялансын.

4.  Бул токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.  Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы камсыз кылуу жагы Каныш-Кыя айыл өкмөтүнун ФЭБ бөлүмүнө, көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

Каныш-Кыя айылдык Кеңешинин төрагасы:

М.Аликеев