БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 1
Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2021-жылдын 8 айдын жыйынтыгы менен кошумча түшкөн кирешелерди зарыл чыгымдарга бөлүштүрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин, №1-15/612 08.09.2021-жылдагы кайрылуусунун негизинде 11111100 «Киреше салыгы» беренесинен пландан ашыкча түшкөн 3038,5 миң сом акча каражатын зарыл чыгымдарга пайдалануу үчүн сметага өзгөртүү киргизүү боюнча Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын сунушун угуп, талкуулап жергиликтүү бюджеттин бектилген сметасына өзгөртүү киргизүү Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 8 айына жергиликтүү бюджетинин киреше планына 11111100 «Киреше салыгы» беренесинен ашыкча түшкөн 3038,5 миң сомго жылдык план көбөйтүлсүн.
2. Жергиликтуу бюджеттин баланстуулугун сактоо максатында КР Бюджеттик кодексинин 130-беренесин жетекчиликке алып, чыгаша болумуно 3038,5 мин сом план көбөйтүлсүн.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 8 айында жергиликтүү бюджетине11111100 «Киреше салыгы» беренесинен ашыкча түшкөн 3038,5 миң сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин:
2.1.Башкаруу бөлүмүнө:
- 3112 беренесине (3 компьютерге- 90,0, 6шт. отургучка-96,0) -186,0 миң сом;
- 2214 беренесине (кызматтык автоунаага бензин) - 38,0 миң сом;
Баары: -224,0 миң сом.
2.2. Айылдык кеңешине:
- 3112 беренесине (ноутбук-30,0, кондиционер-27,0, диктофон-5,0)- 62,0 миң сом;
- 2211 беренесине (сапар чыгымдарга) - 10,0 миң сом;
- 2222 беренесине (кеңсе буюмдарына) - 15,0 миң сом;
- 2215 беренесине (ар түрдүү чыгымдарга) - 13,0 миң сом;
Баары: -100,0 миң сом.
2.3.Билим берүү мекемелерине:
- 2224 беренесине (У.Абдукаимов№8 мектебине көмүргө) -275,0 миң сом;
- 2224 беренесине (Разыбек бала бакчасына көмүргө) - 7,5 миң сом;
- 3111 беренесине (Т.Тайгараев №52 орто мектебинин котелуна) - 573,9 миң сом;
- 2221 беренесине (Мичурин мектебине слив жасоо үчүн) - 62,5 миң сом;
- 3112 беренесине (Арзыкулов мектебине аристон коюу үчүн) - 30,0 миң сом;
2.4. Октябрь спорт мектебине:
- 2221 беренесине (курулуш материалдарына) - 39,0 миң сом;
2.5. Багыш ФАП-ка:
- 2221 беренесине (утурумдук ремонтко) - 60,3 миң сом;
2.6.Турак жай коммуналдык чарбасы:
- 3111 беренесине (Асфальт төшөө үчүн 3 көчөгө кошумча) - 888,0 миң сом;
- 2215 беренесине (эгинталааларынкайтарганкароолчуларга) -168,8 миң сом;
- 2221 беренесине (Карл Маркс көчөсүнө суу түтүгүн оңдоо) - 50,0 миң сом;
- 2221 беренесине (М.Токтомбетов көчөсүнө шагыл төшөө) - 71,5 миң сом;
- 2221 беренесине (Б.Кадырова көчөсүндөгү көпүрөнү оңдоо) - 50,0 миң сом;
- 2221 беренесине (К.Турдубаев көчөсүнө шагыл төшөө) - 18,0 миң сом;
- 2221 беренесине (Титова көчөсүнө шагыл төшөө) - 40,0 миң сом;
- 2221 беренесине (Сафаровка жаңы конуштун жолуна шагыл төшөө) - 250,0 миң сом;
- 2221 беренесине (Токтогул, Кырбашев, Матаев көчө-нө шагыл төшөө) -100,0 миң сом;
2.7. Элге социалдык жардам бѳлүмү:
- 2721 беренесине (Б.Пармановага материалдык жардам берүү) - 30,0 миң сом.
Баары: 3038,5 миң сом.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маматовго жана ФЭБ башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.
4. Бекитилген планга өзгөртүү киргизүү КР Экономика жана финасы министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
6. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Сейдахматов |