Редакцияот 17.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы

2021-жылдын 17-сентябры № 4

Багыш айыл өкмөтүнүн №1-15/62914.09.2021-жылдагы «О.Сейдакматов көчөсүнө 2022-жыл башына калган калдык эсебинен дем берүүчү гранттын эсебинен асфальт төшөөгө уруксат берүү жана Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылга кабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2022-жылга киргизүү жөнүндө» кайрылуусун кароо жөнүндө

Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын «О.Сейдакматовкөчөсүнө 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин дем берүүчү грант эсебинен асфальттөшөөгө уруксат берүү жана Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылгакабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2022-жылга кошумча пункт менен киргизүү жөнүндө»сунушун угуп, талкуулап берүү үчүн Багыш айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн О.Сейдакматов көчөсүнө 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин дем берүүчү грант эсебинен долбоор аркылуу асфальт төшөөгө уруксат берилсин.

2.  Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылгакабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына кошумча пункт менен 2022-жылга«О.Сейдакматовкөчөсүнө 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин дем берүүчү грант эсебинен асфальттөшөө боюнча иш алып баруу» деп киргизилсин жана 2022- жыл башына калган калдыктын эсебинен каралсын.

3.  Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маматовго милдеттендирилсин.

4.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.

5.  Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Сейдахматов