БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз VII -сессиясы
2021-жылдын 17-сентябры № 5
Багыш айылдык кенешинин депутаты М.Джумабаевдин “Бурулкан Кадырова көчөсүнө 2022-жыл башына калган калдык эсебинен дем берүүчү гранттын эсебинен асфальт төшөөгө уруксат берүү жана Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылгакабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2022-жылга киргизүү жөнүндө» кайрылуусун кароо жөнүндө
Багыш айылдык кенешинин депутаты М.Джумабаевдин «Бурулкан Кадырова көчөсүнө 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин дем берүүчү грант эсебинен асфальт төшөөгө уруксат берүү жана Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылгакабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына 2022-жылга кошумча пункт менен киргизүү жөнүндө»сунушун угуп, талкуулап Багыш айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн Бурулкан Кадырова көчөсүнө 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин дем берүүчү граттын эсебинен долбоор аркылуу асфальт төшөөгө уруксат берилсин.
2. Багыш айыл өкмөтүнүн 2021-2023-жылгакабыл алынган стратегиялык өнүгүү программасына кошумча пункт менен 2022-жылга «Бурулкан Кадырова көчөсүнө 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигинин дем берүүчү грант эсебинен асфальттөшөө» деп киргизлсин 2022- жыл башына калган калдыктын эсебинен каралсын.
3. Токтомду мыйзам чегинде аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Маматовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Багыш айылдык кеңешинин бюджет, каржы, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик, транспорт, кызмат көрсөтүү жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Мамбеталиевге жүктөлсүн.
5. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөрүлгөндөн тартып өз күчүнө кирет.
Багыш айылдык кеңешинин төрагасы: | Ж.Сейдахматов |