Редакцияот 09.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 9-июну № 1

Багыш айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө» мыйзамынын 49-беренесине ылайык Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2021-жылдын 3-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Багыш айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын №2 протоколу бекитилсин.

2.    Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Маматов Жыргалбек Темирбекович шайланды деп эсептелсин.

3.    Бул токтом Багыш айл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңешинин төрагасы:

Ж.Сейдахматов