Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы

2021-жылдын 2-апрели № 21

2020-жылдын 30-январындагы №9 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана тоолуктолорду киргизүү жөнүндө

«CASA - 1000" жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын мамыларын куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы “Жер участокторун которуу (трансформациялоо)” жөнүндөгү мыйзамына ылайык Багыш айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

1.  “Датка-Сугд” 500кВ жогорку чыналуудагы электр аба чубалгыларынын

мамыларын орнотуу үчүн, мамлекетик фонду эсебиндеги жерлеринин, Багыш айыл өкмөтүнүн жалпы аянты 0,1954 га жерлерди, анын ичинен:

№ 166 контурундагы-0,0625 га кайракы айдоо,

№ 165 контурундагы-0,04 га кайракы айдоо,

№ 176 контурундагы-0,0529 га кайракы айдоо,

№ 181 контурундагы-0,04 га кайракы айдоо,

“Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспортун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.

2.  Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Багыш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.  Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Багыш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев