БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 22
Көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Октябрь айылындагы Мичурин атындагы көчөнү белгилүү мамлекеттик саясий ишмер Маматов Самагандын ысымын ыйгаруу үчүн Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылындагы Мичурин көчөсү белгилүү мамлекеттик саясий ишмер маркум Маматов Самагандын ысымы эл каттоо өткөрүлгөндөн соң ыйгарылсын.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Багыш айылдык кеңешинин социалдык,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,жергиликтүү коомдоштуктар,жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Машаевага жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду Жалал-Абад облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Багыш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом боюнча тийиштүү иш кагаздарын даярдоо жагы Багыш айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |