БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 7
Талаа эгиндерин жана кайракы,чөп орок аянттарын жедирип,тебелетип зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине карата айып пул салуу жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат,шарттуу сугат,кайракы,адыр жериндеги чөп орок аянттарын жедирип,тебелетип зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине карата айып пул салуунун тарифин белгилөө максатында токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы сугат,шарттуу сугат айыл чарба жерлерин тебелетип,зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине төмөндөгү тарифте айып пул чегерилсин:
- Жылкы-5,0 м.с
- Кара мал- 3,0 м.с
- Кой-1,0 м.с.
2. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы дан эгилген кайракы жана адыр жериндеги чөп орок аянттарын тебелетип,зыян келтирген мал жандыктардын ээлерине төмөндөгү тарифте айып пул чегерилсин:
- Жылкы-3,0 м.с
- Кара мал-1,5 м.с
- Кой-500 сом.
3. Токтомдун аткаруу жагын Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Жолборсовго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |