Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы

2021-жылдын 2-апрели № 9

Багыш айыл өкмөтүндөгү жайыттар жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдерден келген арыздардын негизинде жакынкы жана алыскы жайыттарды пайдалануусунун сапатын көтөрүү,мыйзамдаштыруу жана иреттештирип тартипке салуу максатында токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы элдерден келген арыздардын негизинде жакынкы жана алыскы жайыттарды пайдалануусунун сапатын көтөрүү,мыйзамдаштыруу жана иреттештирип,тартипке салуу,Багыш айыл өкмөтүнүн Айыл уставына таянып,комиссия түзүлүп жеринде мыйзамдуу чаралар көрүлсүн.

2. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жайыты жок мал багуучулары 1-апрелге чейин алыскы жайыттарга аба ырайын эске алуу менен көчүрүлүп кетирилсин.

3. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жайытты ижарага алган мал багуучулар 15-майга чейин жайыттарды сапаттуу пайдалануу максатында алыскы жайыттарга көчүрүлсүн.

4. Айыл Уставдын негизинде 1-кезекте кезектеги алыскы жайыттар Багыш айыл өкмөтүнүн тургундарына берилсин.

4. Багыш айыл өкмөтүнүн мал багуучуларына төмөндөгүдөй тартипте мал багуу ар бир мал башына төмөндөгүдөй тарифте белгиленсин:

Жылкы-600-700 сомго чейин;

Ийри мүйүздүү мал-500-600 сомдон чейин;

Кой-эчки-130-150 сомго чейин.

5. Токтомдо көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Жолборсовго жана жайыт комитетинин жетекчиси К.Калдыбаевдерге милдеттендирилсин.

6. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев