БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 11
Айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтпоо үчүн антисептикалык каражаттарды сатып алууга,дезинфекция иштерин жүргүзүүгө акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтпоо максатында атисептикалык каражаттарды сатып алууга, дезинфекция иштерин жүргүзүүгө акча каражатын бөлүү үчүн токтом кылат:
1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында коронавирус инфекциясынын алдын алуу жана жайылтпоо максатында анисептикалык каражаттарды сатып алууга,дезинфекция иштерине жергиликтүү бюджеттен 200,0 м.с акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Р.Батировго милдеттендирилсин.
3. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагында зарылчылыкка жана кырдаалга байланыштуу чектөөлөр киргизилсин.
4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |