Редакцияот 02.04.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы

2021-жылдын 2-апрели № 13

Айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук жайлардын тазалыгына шарттарды түзүү жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы коомдук жайлардын тазалыгын камсыздоо максатында тиешелүү иш-аракеттерди көрүү максатында токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы эстелик жайларды,эс алуу сейил бактарын ыксыз таштандылар ташталып жатканына байланыштуу жеке адамдарга,соода түйн ээлерине,мекеме-ишканалардын кызматкерлерине таштанды таштаганы үчүн төмөндөгүдөй тарифте айып пул салынсын:

- Жеке адамдарга-500 сом;

- Соода түйүн ээлерине жана мекеме-ишканалардын кызматкерлерине-5,0 м.с ;

2. Багыш айыл өкмөтү боюнча таштандылардан жана ар кандай булганычтардан алдын ала иш жүргүзүү үчүн жана көзөмөлдөп тазалыкты сактоону соц адис Б.Каиповага жана Багыш айылдык кеңешинин социалдык,жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,жергиликтүү коомдоштуктар,жамааттар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Машаевага жана «Багыш таза суу-Тазалык» муниципалдык ишканасынын жетекчиси И.Бекташевге милдеттендирилсин.

3. Жардам иретинде Бузуулар жөнүндө таянып,Октябрь аймактык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери көмөк көрсөтүшсүн.

4. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев