БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы
2021-жылдын 2-апрели № 18
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жайыттарга кароолчу дайындоо жөнүндө
Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жайыттарга кароолчу дайындоо максатында токтом кылат:
1. Элдин арызынын негизинде Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы жакынкы жайыттарга атайын кароолчу кызматына 2 адам дайындалсын.
2. Уюштуруу жана аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго жана жайыт комитетинин төрагасы К.Калдыбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Багыш айылдык кеңештин төрагасы: | А.Саражиев |