Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 26-февралы № 3

Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндөгү билдируусүн карап жана талкуулап Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин кирешелери республикалык бюджеттен берилүүчү тендоо гранты менен кошулуп:

-2020-жылга долбоору                                        -27805,1 мин сомго,

-2021-жылга божомолу                                       -28755,7 мин сомго,

-2022-жылга божомолу                                       -28825,7 мин сомго бекитилсин.

2. Республикалык бюджеттен берилуучу тендоо гранттын көлөмү 2020-жылга-5320,3 мин сом,

2021-жылга- 5035,9 мин сом, 2022-жылга- 5035,9 мин сом берилиши белгиленсин.

3. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү  бюджетинин чыгашалары Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген нормативдик актылары жана коомдук угууда белгиленген муктаждыктарга ылайык

-2020-жылга долбоору                                        -27805,1 мин сомго,

-2021-жылга божомолу                                       -28755,7 мин сомго,

-2022-жылга божомолу                                       -28825,7 мин сомго бекитилсин

4. Багыш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2020-жылга долбоору, 2021-2022-жылдарга божомолу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетинин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.

5. Токтомду аткаруу жагы Багыш айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев