Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 26-февралы № 5

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы 465 га жери Таш-Булак,290 га жери Ленин айыл өкмөттөрүнө мыйзамсыз өтүп кеткендиги жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы 465 га жери Таш-Булак,290 га жери Ленин айыл өкмөттөрүнө мыйзамсыз өтүп кеткендиги талкууланып,кайрадан кайтарып алуу боюнча Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы 465 га жери Таш-Булак,290 га жери Ленин айыл өкмөттөрүнө мыйзамсыз өтүп кеткен жерлер мыйзамдуу түрдө кайрадан кайтарылып алынсын.

2. Токтомду аткаруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.

3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев