Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 26-февралы № 6

Багыш айыл өкмөтүндөгү 1589 га үлүш жерлерди контур боюнча сугат суу менен камсыз кылуу жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүндөгү 1589 га үлүш жерлерди контур боюнча сугат суу менен камсыздоо маселесин тактап,кийинки кезексиз сессияга даярдап келүү үчүн Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүндөгү 1589 га үлүш жерлерди контур боюнча сугат суу менен камсыздоо маселесин кайрадан тактап,кезексиз сессияга тиешелүү документтери даярдалсын.

2. Тиешелүү иш аракеттерди көрүү Багыш айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары У.Жолборсовго милдеттендирилсин.

3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев