Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 26-февралы № 8

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мобилдик операторлордун антенналары жайгашкан жер аянттарына салык төлөмдөрүнүн ижара акысын көтөрүү жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мобилдик операторлордун антенналары жайгашкан жер аянттарына салык төлөмдөрүнүн ижара акысын көтөрүү үчүн Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы мобилдик операторлордун антенналары жайгашкан жер аянттарына ижара акысы 8,0 ( сегиз) миң сом өлчөмүндө белгиленсин.

2. Токтомду аткаруу Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Мурзабековго милдеттендирилсин.

3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев