Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 26-февралы № 12

Сузак прокуратурасынын сунушун кароо жөнүндө

Багыш айылдык кеңешине келген 2021-жылдын 25-январындагы №11/1-1-21 сандуу сунушун карап талкуулап, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айылдык кеңешине келген Сузак районунун прокуратурасынын сунушунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди жоюуу максатында 2020-жылдын 13-июлунда чыккан көчөлөрдүн аталышы жөнүндөгү №7 токтомго 2021-жылдын 1-январынан күчүнө кирсин деген өзгөртүү киргизилсин.

2. Сессияда жоюлган техникалык катачылыктар жөнүндө Сузак райондук прокуратурасына маалымат берилсин.

3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев