Редакцияот 26.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАГЫШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Багыш айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXVI -сессиясы

2021-жылдын 26-февралы № 9

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу мекемесине маркум С.Кадыралиеванын атын ыйгаруу жөнүндө

Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу мекемесине эмгек жамаатынын кайрылуусунун жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын сунушунун негизинде талкуулап, Багыш айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Багыш айыл өкмөтүнүн аймагындагы Үй бүлөлүк дарыгерлер тобу мекемесине эмгек жамаатынын кайрылуусунун жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын сунушунун негизинде талкуулап,азыркы күндө мекеме оптимизация болуп Октябрь аймактык ооруканасына биригип жаткандыгына байланыштуу ысым ыйгаруу кийнки кезексиз сессияга калтырылсын.

2. Тиешелүү иш аракеттерди көрүү социалдык туруктуу комиссясынын төрайымы А.Машаевага жана Багыш айыл өкмөтүнүн соц адиси Б.Каиповага жүктөлсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан жана юстиция органдарынан каттоодон өткөндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

Багыш айылдык кеңештин төрагасы:

А.Саражиев