Редакцияот 29.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Атай айылдык кеңешинин IV-чакырылышынын кезектеги XXXIX-сессиясы

2020-жылдын 29-декабры № 1

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга карата бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн болжолдуу 2022-2023-жылга долбоорун бекитүү боюнча

Атай айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик ички жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ташматов Замирбектин, Атай айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн жана штат бирдигин бекитүү 2022-2023-жылга долбоорун жана Атай айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Эркуловдун билдируусун угуп жана талкуулап , Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин IV чакырылышынын кезектеги XXХIX сессиясы

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети кирешелер боюнча 6084,3 миң сом суммасында жана чыгашалар боюнча 6084,3 миң сом суммасында № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Атай айыл өкмөтүнүн 2022- 2023- жылдарга консолидацияланган бюджетинин болжолу № 2 тиркемеге ылайык жактырылсын:

2021-жылга 6084,3 миң сом суммасында

2022-жылга 6311,7 миң сом суммасында.

2023-жылга 6373,3 миң сом суммасында

3. Атай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү № 3 тиркемелерге ылайык салык жана салык эмес төлөмдөрү, трансферттер жана башка кирешелер боюнча түшүүлөрдун эсебинен түзүлсүн.

4. Атай айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражаттары тармактар жана мекемелер боюнча ведомстволук жана экономикалык классификацияларга ылайык № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.

5. Атай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 1% 60,1 миң сом суммасы 16.05.2016-жылдагы Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 21- беренесине резервдик фонду болуп бекитилсин.

6. Атай айыл өкмөтүнүн аппараттын 2021-жылга 13,0 ( Он үч) структурасы жана штаттык түзүмү № 5 тиркемеге ылайык, маданият тармагынын кызматерлеринин 3,0( үч), китепкана кызматкерлеринин 2,0 ( Эки ) штаттык түзүмү № 6 тиркемеге ылайык бекитилсин.

7. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезектеги тартипте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц фонддуна чегерүүлөр, тамактануу) жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр боюнча ( электрэнергия, көмүр, суу, телефон байланышы ж.б) жүргүзүлсүн.

8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген электрэнергия боюнча лимиттин негизинде сарамжалдуу пайдалануу, ар ай сайын тиешелүү мекемелер менен эсептешүү иштери камсыз кылынсын.

9. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына ылайык Атай айыл өкмөтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.

10. Токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Атай айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу Атай айылдык Кеңешинин « Пландоо бюджет » боюнча туруктуу комиссиясына жана финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К. Эркуловко тапшырылсын.

 

Атай айылдык кеңешинин төрагасы:

У.Шерипов

Атай айыл  аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджети жана

2022-2023-жылдарга божомолу жөнүндө Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин

IV чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясынын № 1-токтомунун

№ 1 тиркемеси

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджети

 

№

элемент

суммасы

1

I

Кирешелердин  аталышы

6084,3

 

I

Кирешелер

2716,6

 

II

Салыктык кирешелер

2031,6

 

III

Кирешеге жана пайдага салык

0,0

 

13311

Жергиликтүү бюжеттерге гранттар

3367,7

 

13311200

Теңдөөчү грант

3367,7

 

14

Салыктык эмес кирешелер

390,0

 

1415

Ижара акысы

60,0

 

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине кошумча

230,0

 

14239900

Дагы башка түшүүлөр

100,0

 

 

 

 

  2

 

 Чыгашалар

6084,3

 

 

 

 

 

70111

 Айыл өкмөттүн аппараты

4600,9

 

 

Бюджети

4500,9

 

 

Атайын каржат

100,0

 

 

 

 

 

70823

Айылдык клуб

359,9

 

 

бюджети

359,9

 

 

 

 

 

70821

китепкана

293,5

 

 

бюджет

293,5

 

 

 

 

 

70921

мектеп

310,0

 

 

бюджет

310,0

 

 

 

 

 

70911

Балдар бакчасы

520,0

 

 

бюджет

290,0

 

 

Атайын каражат

230,0

Атай айыл өкмөтүнүн башчысы:

Б.Бобукеев

Финансы -экономика бөлүмүнүн башчысы:

К.Эркулов

Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылга бюджети жана

2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө Атай айыл өкмөтүнүн Айыл Кеңешинин

IV чакырылышынын кезектеги XXXIX сессиясынын № 1-токтомунун

№ 2 тиркемеси.

Элемент

Бюджеттик классификация

2022-ж

2023-ж

 

Жалпы   кирешелер

6311,7

6373,3

I

Кирешелер

2805,6

2876,6

II

Салыктык   кирешелер

2120,6

1191,6

III

Кирешеге жана пайдага салык

2120,6

2120,6

IIII

Кирешеге жана пайдага салык

2120,6

1191,6

IIIII

Кыргыз Республикасынын резиденттери-жеке жактардан алынуучу киреше салыгы

2120,6

2120,6

11111100

Салык агенти  төлөөчү киреше салыгы

1642,0

1713,0

1112

Кыргыз Республикасынын резиденти эмес жактарынан кирешесине салык

50,0

50,0

11121100

КР  резиденти эмес жактарынан кирешесине салык

50,0

50,0

11122

Патенттин негизинде салык

50,0

50,0

11122100

Милдеттүү патенттин иши негизинде салык

-

-

11122200

Ыктыярдуу патенттин негизинде салык

50,0

50,0

113

Менчикке салык

428,6

428,6

1131

Мүлккө салык

235,0

235,0

113121

Транспорттук каражаттарга салык

235,0

235,0

11312110

Юридикалык жактардын транспорттук каражаттарына салык

235,0

235,0

11312120

Жеке жактардын транспорттук каражаттарына салык

235,0

235,0

1132

Жер салыгы

193,6

193,6

11321

Жер салыгы

-

-

11321100

Короо жанындагы жана дачалык жер

60,0

60,0

11321200

Айыл чарба жерлерин пайдалануу үчүн жер

125,6

125,6

11321300

Калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытында болбогон жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгы

8,0

8,0

11412

Сатуудан салык

0,0

0,0

11412100

Сатуудан салык

0,0

0,0

13311

Жергиликтүү бюджеттерге гранттар

 

 

13311200

Теңдөөчү гранттар

3506,1

3496,7

14

Салыктык эмес кирешелер

685,0

685,0

1415

Ижара акысы

355,0

355,0

14152

Жаратылыш ресурстарын пайдалануу үчүн

355,0

355,0

14152200

Жайыт  ижарасы үчүн акы

295,0

295,0

14152600

Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижара үчүн

60,0

60,0

142

Товарларды сатуудан жана кызмат көрсөтүүдөн кирешелер

330,0

330,0

14232400

Мектепке чейинки жана мектеп мекемелерине

230,0

230,0

14239

Дагы башка түшүүлөр

100,0

100,0

142399

Дагы башка түшүүлөр

100,0

100,0

 

Чыгашалар

 

 

 

Бюджеттик каражаттар

5981,7

6043,3

 

Атайын каражаттар

330,0

330,0

 

Баары ;

6311,7

6373,3