МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы
2021-жылдын 9-июлу № 2
Турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратуу жана берүү боюнча комиссия курамын түзүү жѳнүндѳ
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратуу жана берүү боюнча төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
1. Т Мамасейитов – агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
2. Т Стамбаев – мыйзамдуулук жана укук коргоо туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
3. З Мурзакматова – бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү;
4. А Кыдыралиев – жаштар, спорт, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы;
5. Т Эгембердиев – айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары;
6. Ж Субанова – социалдык маселелер бонча башкы адиси;
7. Б Жакыбалиева - жер боюнча башкы адиси;
8. Ч Төлөнова – ФЭБнүн башчысы;
9. Социалдык маселелер боюнча турукутуу комитет толук курамы менен;
8. Кадастр мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынын өкүлү;
9. Ноокен райондук шаар курулуш башкармалыгынын өкүлү;
10. Жериндеги айылдык кеңештин депутаттары;
11. Айыл башчылар жеринде;
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы турак жай куруу үчүн жер участогун ажыратуу жана берүү боюнча комиссия курамына жүктөлсүн.
Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы: | И.Абдыразак уулу |