Редакцияот 09.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 9-июлу № 5

Орозахунова Рабихандын арызын кароо жѳнүндѳ

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1.    Жаңы – Кыштак айылындагы эски № 9 бригададагы талаа станындагы курулуштарды жер боюнча башкы адиси, муниципалдык менчиктеги жерлерди жана имараттарды ижарага берүү жана сатуу комиссиясы, жериндеги айылдык кеңештин депутаттары менен биргеликте тактап АКТ жазуу жагы жүктөлсүн.

2.    Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчикте каттоодо турган талаа стандын имаратында Р Орозахунова ижара акы төлөбөй үй-бүлөөсү менен жашап жаткандыгын эске алуу менен Р Орозахуновага айлык акы төлөнбөсүн.

3.    Токтомдун аткарылышн көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана жер боюнча башкы адисине жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

И.Абдыразак уулу