Редакцияот 09.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 9-июлу № 6

Областтык жана райондук ѳнүктүрүү фондуна түрткү берүүчү грантка долбоорлорду даярдоо үчүн акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1. Областтык жана райондук ѳнүктүрүү фондуна жана түрткү берүүчү грантка үчтѳн кем эмес социалдык жана бизнес долбоорлор даярдалсын.

2. Социалдык жана бизнес долбоорлорду даярдоого жергиликтүү бюджеттен акча каражаты ажыратылып берилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана финансы туруктуу комиссиясынын төрайымы Ж Абдыгуловага жана инвестицияларды тартуу боюнча башкы адисине жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

И.Абдыразак уулу