Редакцияот 09.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

2021-жылдын 9-июлу № 7

2022-2023-2024 жылдарга карата киреше бѳлүмүнүн бюджетинин долбоорун бекитүү жѳнүндѳ

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 31-беренесине ылайык 2022-2023-2024-жылдарга карата жергиликтүү бюджеттин кирешелиринин болжолдуу долбоору боюнча Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин XXVIII-чакырылышынын кезектеги 4-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:

 

1. Момбеков айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы Ч Төлөнованын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-2023-2024-жылдарга карата долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.

2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2022-жылга 18501500 сом, 2023-жылга долбоору 19214400 сом жана 2024-жылга 19719400 сомго № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы момбеков айылдык кеңешинин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комитетинин төрайымы Ж Абдыгулова жүктөлсүн.

 

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

И.Абдыразак уулу

 

Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин

28-чакырылышынын 4-сессиясынын № 7 токтомуна тиркеме

2022-2023-2024-жылдарга бюджеттик долбоору

 

Кирешелердин аттары

2022-ж план

2023-ж план

2024-ж план

1

Киреше салыгы

10394,3

11000,0

11500,0

2

Ыктыярдуу патент

750,0

750,0

750,5

3

Кыймылсыз мүлккө салык

70,0

85,0

90,0

4

Транспорт салыгы

1120,0

1120,0

1120,0

5

Там арка салыгы

190,0

179,2

179,2

6

Айыл чарба багытындагы жер салыгы

832,5

835,5

835,5

7

Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы

725,0

725,0

725,0

8

Лецензия кармоочулардан төлөмү үчүн

50,0

50,0

50,0

9

Калктуу пунктардан түшүүчү салык

70,0

70,0

70,0

10

Кайра бөлуштүрүү жер ижара акысы

2000,0

2100,0

2100,0

11

Жайыт ижара акысы

0,0

0,0

0,0

12

Жалпы салык эмес жайымдар

16301,5

17014,4

17519,0

13

Атайын каражат

2200,0

2200,0

2200,0

14

Бардык кирешелер

18501,5

19214,4

19719,4

Момбеков айылдык кеңешинин төрагасы:

И.Абдыразак уулу